Биз социалдык тармакта

"Уланталы..." Ошто жыл жыйынтыгы чыгарылып, мэр кызматкерлерге ыраазы болду (видео)

Кечээ, 17-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Камсымалиев менен болгон 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйындан соң мэриянын кызматкерлерин чогултуп ыраазычылык айтты. Мэриянын маалымат кызматы чакан жыйындын видеосун бөлүштү.
Анда мэр шаардагы аткарылган иштер "эң жакшы" деген баа алганын айтып, бул бардык кызматкерлердин кылган эмгеги экенин белгиледи. Ошондой эле калаа башчысы фейк маалыматтар тарап жатса да, элдин ага болгон колдоосу шыктандырганын кошумчалады.
"Элден эмгекти аябаш керек экен. Жараткан мүмкүнчүлүк бергенде ишти толук аткарыш керек. Мэр болуп гана иштегенде эмес, жөнөкөй кызматкер болуп да ишке ашыруу кажет. Баарыбыздын иштерибиз адал, бешене тер менен аткарып жатабыз. Дагы да уланталы",- деди мэр.
Ошто жыл жыйынтыгы чыгарылып, мэр кызматкерлерге ыраазы болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан