Бүгүн, 18-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Талантбек Солтобаевди транспорт жана коммуникациялар министри кызмат ордуна дайындоого макулдук беришти.
Анын талапкерлигин жыйында президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды. Эми тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол коюшу керек.
Белгилей кетсек, Солтобаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп 16-февралда дайындалган.