Биз социалдык тармакта

"Шаар үчүн иштегиле". Жеңишбек Токторбаев командасы менен коштошту (видео)

Социалдык тармактарда кызматтан кеткен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин командасы менен коштошуп жаткандагы видеосу тарады.

Анда экс-калаа башчысы эмгек жамаатка ыраазычылык айтып, кеп-кеңештерин берип жатканын көрүүгө болот.

"Силер менен ага-ини болуп 1 жыл 2 ай иштедим. Анча-мынча өйдө-төмөн, иш жүзүндө силерди капа кылган болсом, анча-мынча урушуп, тилдеп койсом кечирим сурайм. Жумуш экен.

Кайсы жерде болсо да жүзүңөр жарык болсун. Аман болуңуздар. Шаар үчүн иштегиле, жигиттер. Өзүңөрдүн жеке кызыкчылыгыңар экинчи орунда болуш керек",- деди Токторбаев.

Кечээ, 18-февралда Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткендиги маалымдалган.


Жеңишбек Токторбаев командасы менен коштошту 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан