Бүгүн, 19-февралда Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, өлкө башчысы Садыр Жапаров тиешелүү тескемеге кол койду.
Айта кетсек, Токтобаевдин талапкерлиги кечээ, 18-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо тапкан.