Жогорку Кеңештеги "Ала-Тоо" депутаттык тобунун лидери болуп Талайбек Масабиров шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралдагы парламент жыйынында аталган топтун мүчөсү, депутат Бактыяр Калпаев билдирди.
Айта кетсек, курамында 15 эл өкүлү бар "Ала-Тоо" депутаттык тобунун лидери Жанар Акаев болчу. Ал Ош шаарынын мэрлигине дайындалды.