Күрөш боюнча Азия чемпиондугуна даярдык көрүү максатында Иорданиянын курама командасынын балбандары Бишкекте машыгып жатышат.
Дүйнөлүк күрөш уюму тараткан видеодон Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу Кыргызыстандын күчтүү балбандарын көрүүгө болот. Алар иорданиялыктар менен биргеликте машыгууларды өткөрүшүүдө.
Эскерте кетсек, эл аралык күрөш федерациясы (UWW) 2026-жылы күрөш боюнча Азия чемпиондугу Кыргызстанда өтөрүн расмий түрдө жарыялады. Мелдештер 6-12-апрель күндөрү Бишкек шаарында уюштурулат.