Президенттин Иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик имараттар департаментинин мурдагы жетекчиси, экс-депутат Чынберди Төлөнов жемкорлукка шектелүүдө.
Биринчи Май райондук сотту 18-февралда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чынберди Төлөновду камакка алуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда райондук соттун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголду. Төлөнов 16-апрелге чейин №1 тергөө абагына киргизилди.
Аталган кылмыш ишин ИИМдин Тергөө кызматы иликтеп жатат.