BAKAI Яндекс Go жана Visa менен биргеликте өткөрүлүп жаткан ири акциянын аралык жыйынтыктарын жарыялады.
Бишкекте «Тамак-аш» (Еда) бөлүмүндө BAKAI Visa картасы менен активдүү буйрутма берген кардарлардын арасынан алгачкы жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектерге ээ болушту. Акция уланууда, ал эми алдыда - башкы технологиялык байге, Zeekr 007 электромобили.
Алгачкы жеңүүчүлөр сыйлыктарын алышты.
Бишкек шаарындагы аралык этаптын жыйынтыгы боюнча:
• 2 катышуучу Яндекс Станция Мини акылдуу колонкасын утуп алды;
• 2 жеңүүчү Яндекс Go сервисинин «Тамак-аш» бөлүмүндөгү буйрутмалар үчүн 5000 сомдук промокод алды;
• 3 катышуучу акысыз жеткирүүгө промокод утуп алды.
Жакын арада ушундай эле сыйлыктарды тапшыруу Ош шаарында да өтөт - акция өлкө боюнча кызуу жүрүп жатат.
Башкы байге - Zeekr 007 - алдыда
Акциянын кульминациясы али алдыда: акция учурунда BAKAI Visa картасы менен төлөнгөн 30 миңинчи ийгиликтүү буйрутманы ким берсе, ошол катышуучу Zeekr 007 электромобилине ээ болот.
Ар бир буйрутма - жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү
BAKAI күнүмдүк тамак-ашка буйрутма берүүнү жөн гана ыңгайлуу эмес, чын эле кызыктуу кылат. Акцияга катышуу оңой: Яндекс Go сервисинин «Тамак-аш» бөлүмүндө буйрутмаларыңызды BAKAI Visa картасы менен төлөңүз - ар бир төлөм сизди ири байгелерге жакындатат.
Акция уланууда. Катышыңыз - балким, жаңы электромобилдин ээси Сиз болуп калышыңыз мүмкүн.
Акциянын алкагында дагы бир жагымдуу бонус каралган: Яндекс Go сервисиндеги Таксиге 30%га чейин арзандатуу. Акциянын толук шарттары менен бул жерден тааныша аласыз: http://go.bakai.kg
Акция 2025-жылдын 25-ноябрынан 2026-жылдын 12-мартына чейин өтөт.