
Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын беш балбаны орун алды. Бул тууралуу United World Wrestling (UWW) уюмунун расмий сайтында маалымдалган.
Жаңы жылдын башындагы рейтинг 2025-жылы Хорватияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда спортчулар топтогон упайлардын негизинде түзүлгөн.
Рейтинг жыйынтыгында кыргызстандык балбандардын көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду:
Бекзат Алмаз уулу (57 килограммга чейин) - 2-орун;
Эрназар Акматалиев (74 килограммга чейин) - 3-орун;
Тайырбек Жумашбек уулу (61 килограммга чейин) - 8-орун;
Орозобек Токтомамбетов (74 килограммга чейин) - 24-орун;
Мухаммад Абдуллаев (86 килограммга чейин) - 34-орун.
Бул жыйынтык кыргыз балбандарынын эл аралык аренадагы атаандаштык деңгээли жогору экенин дагы бир жолу далилдеди. UWW рейтингинде алдыңкы саптарга чыгуу спортчулардын дүйнөлүк чемпиондуктардагы жана ири мелдештердеги туруктуу ийгиликтерине түздөн-түз байланыштуу.