Биз социалдык тармакта

Өлкөдө акын айымдар үчүн Тенти Адышева атындагы республикалык ыр сынагы жарыяланды

Өлкөдө Кыргыз эл акыны Тенти Адышева атындагы республикалык ыр сынак жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Маданият министрлиги билдирип, сынак кыргыз поэзиясындагы аялзатынын ордун бекемдөө, жаңы таланттарды ачуу жана көркөм сөз өнөрүнүн мыкты үлгүлөрүн аныктоого багытталганын кошумчалады.
Маалым болгондой, сынак Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулуп, тандоо туру 30-апрелге чейин болот. Ал эми балоо 1-майдан 15-майга чейин өтөт.
"Сынакка 18 жаштан жогорку акын айымдар катыша алышат. Ар бир катышуучу кыргыз тилинде жазылган, мурда эч жерде жарыяланбаган, экиден он куплетке чейинки бирден үчкө чейин ырын жөнөтөт. Сынактын жыйынтыгы атайын уюштурулган адабий кечеде жарыяланып, жеңүүчүгө 100 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык ыйгарылат",- деп белгиленген маалыматта.
Кошумча маалыматты 0554 94 90 20 номуру аркылуу байланышып алса болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан