Ырчы Нур Чолпон дүйнөгө белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген тарабынан Түркестанда уюштурулуп жаткан эл аралык музыкалык долбоордо өзүнүн дагы бир өнөрүн көргөздү.
Бул чыгарылышында ал кыргыз жана казак акындарынын чыгармачылыгына урмат көрсөттү. Тактап айтканда, Нур Чолпон жергиликтүү тургундарга жана телешоунун командасына ыраазычылык билдирип, төкмөчүлүк өнөрүн тартуулады.
Долбоордун экинчи бөлүгүндө ал өзүнүн автордук "Кыргыз бата" чыгармасын аткарды. Бул ырда Манас эпосундагы баатырдын төрөлүшү сүрөттөлөт. Мында адамдын физикалык жаралышы эмес, бата бардык адамзат үчүн жогорудан берилген энергия катары көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, Нур Чолпон - Кыргызстандагы опера жанрында чыгарма жазган алгачкы композитор айым. Ал Кыргызстандын атынан түрдүү эл аралык сынактарга катышып келет.