Биз социалдык тармакта

Бишкек шаардык соту Имамидин Ташовдун ишин кайра кароо үчүн райондук сотко кайтарды

Бишкек шаардык соту абактагы ишкер, "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун ишин кайра кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна кайтарды. Маалыматты шаардык соттун басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-февралда сотто Ташовдун жактоочусунун өтүнүчү каралып, канааттандырылган.

Эске салсак, былтыр июль айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Имамидин Ташовду 9 жылга абакка кескен.

Имамидин Ташов 2024-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Кайыңды айылынан УКМК тарабынан кармалган.

Ошол жыллдын 9-январында социалдык тармактарга Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер 2023-жылдын 27-декабрында УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. Ошол кездеги УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев муну четке каккан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан