Moriox Kids тобунун жаш таланттары ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы “Аттиң ай” ырын аткарып, бийлеп социалдык тармакка видео жарыялашты.
Чет өлкөлүк балдардын кыргыз ырын ушунчалык берилүү менен аткарганы көпчүлүктү суктандырды. Видеодо алар ырдын маанисин жеткире бийлеп, сахналык образды да ийгиликтүү ачып беришкен.
Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы видеону көрүп, “Көргөн көзүмө ишене албай турам”,- деп таң калуусун жашырган жок.
Мындан тышкары, Кыргызстандын шоу-бизнес өкүлдөрү жана интернет колдонуучулар да жаш таланттарга жылуу пикирлерин калтырышууда.