Биз социалдык тармакта

Соттолгон Эрнис Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатууга уруксат берилди

Президент Садыр Жапаров Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына гезит дизайнери, жакында соттолгон Эрнис Жээнтаевди апасын акыркы сапарга узатууга катыштырууну камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Буга чейин анын жакындары Жээнтаевдин апасы каза болгонун айтып өлкө башчысына кайрылышкан.

Эскерте кетсек, Эрнис Жээнтаев 2025-жылдын 10-ноябрында кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 13-февралда аны 6 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси, 3-бөлүк (Массалык баш аламандыктарга чакырыктар) жана 332-беренеси, 1-бөлүк (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Айыптоонун негизги себеби дизайнердин социалдык тармактагы баракчаларындагы жарыялары экени айтылып келет. Анда ал өлкөдөгү саясий окуяларга сын-пикирлерин айтып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан