
Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO–2026 аттуу эл аралык рейтингдик мелдеште
Гүлнур Таштанбекова коло байгенин ээси болду.
Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлагандай, ал 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Алгачкы беттешинде орусиялык Алина Касабиевага утулганы менен, көңүл жубатуучулук айлампа аркылуу медаль үчүн күрөшүүнү улантууга мүмкүнчүлүк алды.
Үчүнчү орун үчүн беттеште индиялык Апекша Патил менен кез келип, 3:3 эсебинде акыркы упай алгандыгынын негизинде жеңишти камсыздай алды.