Айпери Медет кызы Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан эл аралык рейтингдик турнирде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, ал 28-февралда кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограммга чейинки салмак ченинде килемге чыгып, 1/8 финалда Казакстандын өкүлү Гулмарал Еркебаеваны 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Чейрек финалда болгариялык Ванеса Георгиева 10:0 эсебинде утса, жарым финалда Түркиянын балбаны Элмира Ясинди 14:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда уткан.
Ал эми финалда Айпери дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдезди 5:4 эсебинде жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталган.
Эске салсак, балбандар 2025-жылдагы дүйнө чемпиондугунун финалында да беттешип, анда жеңиш эквадорлук балбанга буюрган. Бул ирет Айпери Медет кызы реванш алып, финалдык кармашта жеңишке жетишип, рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.