Биз социалдык тармакта

Бишкекте эл аралык жаш кино форуму өтөт

4-7-март күндөрү Бишкек шаарында "Үмүт" XIII эл аралык жаш кино форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу кечээ, 2-мартта Маданият министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара дебюттук долбоорлорду колдоого, жаш авторлордун кесиптик өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө жана кино тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.
"Быйылкы форумдун урааны - "Парижден сүйүү менен". Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кино актёр жана сүрөтчү Догдурбек Кыдыралиевге, ошондой эле кыргыз киносунун ардагери, кино таануучу, сынчы жана педагог Сейит Боконбаевге арналат. Форум эки негизги багыттан турат: негизги жана индустриялык программа. Негизги программада эл аралык жана улуттук сынактар, атайын көрсөтүүлөр жана фильм жаратуучулары менен талкуулар өткөрүлөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Армения жана башка өлкөлөрдүн тасмалары катышат",- деп белгиленген маалыматта.
Форум "Үмүт Арт Синема" коомдук фонду тарабынан Кинематография департаментинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин гуманитардык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен уюштурулууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан