Биз социалдык тармакта

Гүлназ Чыныбек кызы африкалык бийчи балдарга жооп кылып видео тартты (видео)

Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Moriox Kids тобунун жаш таланттарына жооп кылып, бийлеп видео тартты. Мындай видеону ырчы айым өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

"Салам, Руандадагы биздин достор! Сиздер менен таанышканыбызга кубанычтабыз. Керемет бийиңиздер үчүн чоң рахмат!",- деп билдирүү калтырган Гүлназ Чыныбек кызы.

Буга чейин аталган африкалык бийчи балдар Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы "Аттиң ай", "Ak Orgo City" командасынын "Дык-Кын-Дыш" жана кара жорго ырларына бийлеп видео тартышкан.

Белгилей кетсек, Moriox Kids - Руанданын баш калаасы Кигалиден чыккан бийчилер тобу. Топ ар кандай бийлерди аткарып, социалдык тармактарга видео жарыялап, дүйнө жүзү боюнча аудиториянын көңүлүн өзүнө буруп келет.




Гүлназ Чыныбек кызы Африкалык бийчи балдарга жооп кылып видео тартты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан