Биз социалдык тармакта

Абактагы Аскат Жетиген кыйноого кабылганын билдирип кат жазды

№27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын өзүнүн жактоочусу Нурбек Токтакуновго кат аркылуу кабарлаган. Анын катын укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова жарыялады.

Акын катында басым абакка барган Акыйкатчы институнун өкүлдөрүнө түрмөдөгү мыйзам бузуулар жана жетекчиликтин коррупциялык иштери жөнүндө айтып бергенден кийин башталганын белгилеген. Аскат Жетиген түрмө кызматкерлери абакты жылытууга бөлүнгөн көмүрдү өздөрүнүн эс алуусу үчүн мончону жылытышып жатканын, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук жаратышып, 2000 сом акча алып жатышкандарын белгилеген.

"Ошол учурда ыкчам бөлүмдун башчысы Улан аттуу кызматкер мага тоскоолдук кылып, мыйзам бузууларды жашырууга аракет кылганда, айтыша кеткенбиз. Аталган кызматкер өзүнүн оройлугу жана катаалдыгы менен белгилүү. Ар дайым комиссиялар келгенде туткундар "баары жакшы" деп айтууга мажбур болушат.

Чындыкты айтууга аракет кылгандар катаал сабоого, ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинтүүгө, жалгыз кармоочу жайга камакка алынып, оор жумуштарды аткарууга мажбурланышат. Алар туткундарды өздөрү каалагандай кыйнашат. Ошондуктан соттолгондор комиссия келгенде “баары жакшы” деп айтууга аргасыз!",- деп айтылган катта.

Белгилей кетсек, Аскат Жетиген 2024-жылдын 20-мартында кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.

Ошол жылдын 1-июлунда Свердлов райондук соту аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот аны актаган.

Ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Ал эми Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку сот да биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан