Алып баруучу, шоумен, Мыкы деген лакап аты менен таанылган Мыктыбек Мукаев жубайы экөө кыздуу болушту. Мындай кубанычтуу жаңылыгын ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Айтымында, кызы 3-мартта жарык дүйнөгө келген. Наристенин салмагы 3 килограмм 150 грамм, бою 57 сантиметр.
Белгилей кетсек, Мукаев өткөн жылдын август айында Мээрим аттуу кызга баш кошкон.