Биз социалдык тармакта

Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган көркөм тасма тартылууда

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө арналган "Жусуп" көркөм тасмасын тартуу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, тасма Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы тарабынан 2025-жылдын 1-июлунан тарта өндүрүшкө киргизилди. Учурда тартуу иштери "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын имаратында жүрүүдө.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев тартуу процессин көрүп, чыгармачыл топ менен жолугушту жана долбоордун маанисин белгиледи. Ал улуттук кинематографияны өнүктүрүүгө багытталган демилгелер мындан ары да колдоого алынарын билдирди.
Тасманын бет ачары 2026-жылдын август айына пландалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан