Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга байланыштуу эки маселени көтөрүп чыкты.
Эл өкүлү тестирлөөнү санариптештирүү керектигин айтып, бул жаатта Агартуу министрлигине тапшырма берүү сунушун берди. Мындан тышкары, айрым окуучуларды ЖРТга катыштырбай жаткан фактылар катталганын билдирди.
"Өзгөн районунан окуучулар кайрылып жатышат. "Эмнеге биздин мектепте балдарды сен тапшырасың, сен барбайсың деп саналуу эле балдар ЖРТ тапшырат?" деп билдиришти. Эмнеге мындай болуп жатат? Себеби мектеп рейтингден түшпөйүн деп 10 баланы тандайт. Бул мыйзамсыз. Бул практиканы жоюш керек",- деди депутат.