Биз социалдык тармакта

Иран Азербайжандагы дрон кырсыгына байланыштуу өкүнүч билдирди

Иран Азербайжанда учкучсуз учак кулап, тынч жашоочулар жабыркаганы үчүн өкүнүчүн билдирди. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин Telegram каналынын маалыматына ылайык, Иран Азербайжанга эч кандай учкучсуз учак же снаряд жиберген эмес. Азыр Ирандын куралдуу күчтөрү кырсык болгон дрон окуясын иликтөөдө.

Аракчи ошондой эле мындай чабуулдарда Израил мамлекетинин ролу болушу мүмкүн экенин белгилеп, бул аракеттер коомчулукта терс пикир пайда кылууга жана Иран менен коңшу мамлекеттердин мамилесин бузууга багытталганын айтты.

Ал эми ошол эле күнү Ирандын аймагынан чыккан дрон Нахичеван аэропортуна кулап түшкөнү жана мектеп имаратынын жанында дагы бир дрон кулаганы кабарланган. Азербайжан коргоо министрлиги бул окуя үчүн Иран жооптуу экенин айтып, каршы чараларды даярдоону баштаганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан