Белгилүү казак ырчысы Димаш Кудайберген "Түрксой" уюмунун эң жогорку сыйлыгы "Түрк элинин маданий элчиси" төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай төш белги ырчы мырзага түрк дүйнөсүнүн маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыйгарылган.
Сыйлыкты уюмдун башкы катчысы Султан Раев атайын Казакстанга келип тапшырган.