Саламаттык сактоо министрлигинде кечээ, 9-мартта министр Дамир Осмоновдун төрагалыгы алдында жумушчу кеңешме өттү. Анда өткөн жылдагы анестезиология жана жандандыруу кызматынын ишмердүүлүгү талданып, кызматты мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар каралды.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн медициналык уюмдарында 538 анестезиолог-реаниматолог дарыгер жана 1161 медайым эмгектенет. Ошондой эле анестезиология, жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө 733 керебет иштейт.
Ал эми 2025-жылы республика боюнча хирургиялык кийлигишүүлөр жана медициналык процедуралар учурунда 105 миңден ашуун анестезия жасалып, жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрүндө 95 733 бейтап дарыланган.
Ошол эле учурда аймактарда адистердин жетишсиздиги, иштеп жаткан дарыгерлерге жүктөмдүн жогору болушу, ошондой эле кадрларды даярдоону күчөтүү жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасын өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Адистердин айтымында, айрым медициналык уюмдарда заманбап аппаратура бар, бирок жабдуулардын бир бөлүгү техникалык тейлөөнү, оңдоону талап кылат же сарпталуучу материалдарынын жетишсиздигинен жана персоналдын жетиштүү даярдыгынын жоктугунан толук колдонулбай жатат.
Кеңешменин жыйынтыгында министр Осмонов министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди: