Ош шаарынын мурдагы башчысы Жеңишбек Токторбаев мэриянын карызы ал жетектеп турганда 12 миллиард сомго жеткени тууралуу айтылган кептерди четке какты.
Ал "Азаттыкка" бул боюнча комментарий берип, мэриянын 2 миллиард 300 миллион сом карызы бар экенин билдирди.
"Мэрияны карызга батырып кетиптир” деген доомат калп. Муниципалдык капиталдык курулуштан подрядчы компанияларга 750 миллион сом, шаардык жол куруу ишканасында 1 миллиард 500 миллион сомдун тегерегинде карыз бар. Жалпы шаарда аткарылган иштер боюнча подрядчы ишканаларга 2 миллиард 300 миллион сомдун тегерегинде карыз бар",- деген Токторбаев.