Бишкекте кайгуул кызматынын кызматкерлеринен качкан мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түнкү рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө башкармалыктын кызматкерлери тарабынан шектүү катары Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу байкалган. Анда аталган унаанын айдоочусу башка жол кыймылынын катышуучуларына кооптуулук жараткан.
Мындан улам унааны токтотуу талабы коюлганда айдоочу баш ийбей, качууга аракет кылган.
Ал эми текшерүү учурунда айдоочу мас абалында унаа башкарганы аныкталып, протокол түзүлүп, унаасы айып короого токтотулду.