Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында өтүп жаткан аялдардын абалы боюнча комиссиянын 70-сессиясында сөз сүйлөдү.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, ал Кыргызстан аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана аялдарга карата зомбулукка каршы чечкиндүү күрөшүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүп жатканын белгиледи.
Байсалов Бириккен Улуттар Уюму теңчилик маселелеринде үлгү болушу керектигин айткан.
"Биздин БУУну башкы катчы катары аял киши жетектөөгө убакыт келди жана бул эбак эле бышып жетилген",- деген ал.