Кыргызстанда биринчи жолу Лянга федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу федерациянын президенти Болотбек Марипов жергиликтүү басылмалардын бирине билдирип, оюнду жандандырууну, квалификациялык талаптарды иштеп чыгууну жана турнирлерди өткөрүүнү пландап жатканын билдирди.
Ошондой эле ал 21-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтында да лянга боюнча мелдеш өткөрүлөрүн кошумчалады.
Маалымт үчүн: Лянга - Борбордук Азия элдеринин арасында кеңири белгилүү болгон элдик кыймылдуу оюн. Оюндун максаты - атайын оюн предметин буттун учу же каптал тарабы менен секиртип ойноо. Катышуучулар ар кандай сокку жана комбинацияларды жасап, мүмкүн болушунча көп секирик жасашат.