Бүгүн, 10-мартта курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушуна мезгил кутусун салды.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана конуштун тургундары катышты.
Министр өз сөзүндө билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, жаңы мектептин курулушу Ак-Бата конушундагы окуучулар үчүн сапаттуу жана ыңгайлуу шарттарды түзөрүн айтты.
Долбоорго ылайык, 650 орундуу мектеп заманбап шарты менен 3 блоктон туруп, эки кабаттуу болуп курулат.