Биз социалдык тармакта

Сүмөлөк жасалып, улуттук даамдар тартууланат... "Манас" театры Ноорузга даярданууда 

Бишкектеги Кыргыз улуттук "Манас" театрында 20-21-март күндөрү Нооруз майрамына арналган иш-чаралар өтөт.
Бул тууралуу аталган театр маалымат таратып, каалоочуларды иш-чарага катышууга чакырды.
Бул күндөрү ал жерде улуттук оюндар көрсөтүлүп, манас айтылат. Ошондой эле саамалык акындардын айтышы менен коштолот. Иш-чаранын алкагында сүмөлөк жасалып, улуттук даамдар тартууланат.
Ал эми 21-март күнү саат 12:00дө театр сахнасында "Тайтору" спектакли коюлат.
"Нооруз майрамын биз менен бирге тосуп, улуттук маданияттын кереметине күбө болуңуздар. Кирүү акысыз",- деп билдирди мекеме.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан