Биз социалдык тармакта

Өлкөдө жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн саны айтылды

Кыргызстанда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 43 111ди түзөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов "Биринчи радиого" маек бергенде айтты.

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу 16 жашка чейин берилет. Бүгүнкү күндө жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн саны 43 111. Ал эми жөлөк пул алган балдардын саны 157 242. Алар 1200 сомдон жөлөк пул алышат",- деди орун басар.

Маалымат үчүн: Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү үчүн мамлекет тарабынан берилет. Бүгүнкү күнү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун өлчөмү ар бир балага 1 200 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан