Бүгүн, 10-мартта Жогорку сот камактагы журналист Махабат Тажибек кызына чыккан буга чейинки өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарып, жаӊы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн ишти Бишкектин Ленин райондук сотуна жиберди.
Анын алкагында Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы өкүмү, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечими жана эки инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарылды. Райондук соттун курамы жаңыртылары белгилүү болду.
Белгилей кетсек, 2 жыл мурун Бишкектин Ленин райондук соту аны 6 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Кийинки инстанцияларда өкүм күчүндө калтырылган.