Ташкент шаарында 4–7-март күндөрү өспүрүмдөр арасында жаа атуу боюнча эл аралык турнир өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан өлкөлөрүнөн спортчулар катышкан.
“Каима Молдалиева 18 жашка чейинки кыздар арасында жеке эсепте коло медаль утуп алды. Ошондой эле ал спорт чеберине талапкер (СЧТ) наамын алуу үчүн керектүү ченемдик талаптарды аткарды”, - деп жазылат маалыматта.