23 жаштагы Айгерим томолой жетим экенин айтып, SUPER.KG порталына өзүнүн оор тагдыры тууралуу баяндады. Анын айтымында, ал 8 жашында апасынан айрылып, атасын өмүрүндө көргөн эмес. Айгеримдин сөзүнө караганда, 22 жашында аны айылдашы зордуктаган. Бирок ал бул окуядан 20 күн өткөндөн кийин гана милицияга арыз жазган. Экспертизанын жыйынтыгы кылмышты тастыктай албагандыктан, иш кыскартылган.
Мындан сырткары апасынан мурас болуп калган үйүн алармандын убадасына алданып, арзан баада сатып жиберген. Курбуларынын сөзүнө ишенип, 2 миллион сомдон да кол жууганын айтты.
Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.