Биз социалдык тармакта

Чүйдө эки жаранды өлтүрүүгө шектелген төрт адам кармалды (видео)

Чүй облусунда эки жаранды өлтүрүүгө шектелип төрт адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 7-мартта болжол менен саат 11:04тө Москва райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Торпок айылына жакын талаадан эки эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Бул факт каттого алынып, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жиберилди. Петровка жана Ак-Торпок айылдарынын ортосундагы талаадан 1999-жылы туулган Д.Д., жана 2003-жылы туулган К.Б. аттуу жарандардын сөөгү табылды. Денелерине сырттан кароо жүргүзүлүп, зордук-зомбулук белгилери аныкталды.
Д.Д. аттуу жаран 1-мартттан бери Бишкек милициясы тарабынан дайынсыз жоголгон адам катары изделип жаткан.
Натыйжада шектүү катары 2001-жылы туулган К.О., 2007-жылы туулган С.Б., 2005-жылы туулган М.Б. жана 2006-жылы туулган С.У. аттуу жарандар кармалышты. Алардын үчөө Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынан кармалды. Сот тарабынан 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Негизги шектүү К.О.нун жүргөн жери аныкталбай жаткандыгына байланыштуу ага издөө жарыяланды. М.Б. аттуу шектүүнүн Кадамжай районунун Алга айылындагы үйүнөн тинтүүдө К.О.го таандык УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү жана милициянын лейтенанты наамындагы формасы табылды.
Ал эми 9-мартта Ош облусунда аталган кылмыштын уюштуруучусу, издөөгө жарыяланган К.О. кармалып, ал да убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.
Окуянын чоо-жайы...
Тергөөнүн жүрүшүндө, 25-февралда жогорудагы шектүүлөр Д.Д. жана К.Б. аттуу жарандарды жалган шылтоо менен шаардагы ижарага алынган батирге алып барып, аларды ур-токмокко алып, акча каражатын жана iPhone 13 менен iPhone 15 мобилдик телефондорун алып коюшкан. Кийинчерээк аларды "ЦУМ" жана "Берекет Гранд" соода борборлорунда сатылып жибергендиги аныкталды.
Шектүүлөр жабырлануучуларды 26-февралга чейин батирде тамак бербей кармашкан. Кийин саат 00:30 чамасында алардын колун байлап, көздөрүн таңып, К.О.нун атына ижарага алынган Hyundai Sonata унаасы менен Бишкек-Ош унаа жолу аркылуу алып чыгышкан. Андан ары аларды Петровка жана Ак-Торпок айылдарынын ортосундагы талаага алып барышып, зордук-зомбулук менен уруп, муунтуу жолу менен өлтүрүшкөн.
Кылмыш жасоодон кийин сөөгүн талаанын орто ченине ташташып, андан соң шектүүлөр кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Жолдо баратып жабырлануучулардын футболкасын жана бут кийимдерин Ак-Торпок жана Бекитай айылдарынын жээктерине ыргытып жиберишкен.
28-февралда шектүүлөр кылмыштын изин жашыруу максатында Баткен облусунун Кадамжай районунуна качып кетишкендиги аныкталды.
Чүйдө эки жаранды өлтүрүүгө шектелген төрт адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан