
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги V эл аралык хореографиялык "Алые маки" фестиваль-сынагын 1-7-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 2018-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан фестиваль дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген бийчилерди, мугалимдерди жана чыгармачыл топторду бириктирип, маданий диалогго жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт. Фестивалдын алкагында сынактык көрсөтүүлөр, гала-концерттер, мастер-класстар жана чыгармачылык жолугушуулар өтөт.
Иш-чара "Антре" балет мектеби жана эл аралык хореографтар союзу тарабынан Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп жаткандыгы кошумчаланды.