Чүй облусунун Токмок шаарынын экс-мэри Максат Нусубалиев жана аны менен бирге кармалгандар үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык соту билдирди.
Маалым болгондой, шаардык сот 10-марттагы отурумунда экс-мэрге жана башка айыпталуучуларга карата Октябрь райондук сотунун 2025-жылдын 6-ноябрында чыгарган өкүмү жокко чыгарылды. Иш биринчи инстанциядагы сотко кайра кароо үчүн жөнөтүлдү.
Эске салсак, былтыр 24-июнда УКМКнын ошол кездеги башчысы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жыйын өткөрүп, жыйын учурунда шаар мэри Максат Нусубалиев, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жана "Аль-Кадр" курулуш компаниясынын жетекчилиги кармалган.
Былтыр ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга абакка кескен.