Бишкектеги "Буффет" ашканасында массалык уулануу катталып, 13 адам жабыркады. Бул тууралуу 11-мартта Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, жабырлануучулардын 11и ооруканага жаткырылган, экөө амбулатордук дарыланууда. Аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Ашканага мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, 23 миң сом айып пул салынды. Анын ишмердүүлүгү 11-марттан тартып убактылуу токтотулду.
Адистер объект боюнча пландан тыш текшерүү жүргүзүлүп, лабораториялык изилдөөлөр үчүн азык-түлүк үлгүлөрү алынган. Азыркы учурда эпидемиологиялык иликтөө уланууда.