Казакстандан импорттолгон 56 тонна пияз өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик аталган жүктүн фитосанитардык сертификатындагы маалыматтар жасалма экенин аныктаган.
"Фитосанитардык сертификаттагы маалыматтар транспорттук документтер менен шайкеш келбегендиктен, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартибине ылайык аталган продукцияны өлкө аймагына киргизүүгө уруксат берилген жок",- деп билдирген министрлик.