
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр август айында жабырлануучунун 16 миң долларлык Kia K7, 12 миң жана 12 миң 500 долларга бааланган 2 даана Hyundai Sonata унааларын сатып алган. Бирок шектүү ага жалпы 20 миң 500 доллар гана төлөп берип, калганын бербестен из жашырып кеткен. Жабырлануучу 20 миң доллар чыгымга учураган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.