Бишкекте ири суммадагы акча талап кылууга шектелип 54 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал УКМК тарабынан кармалган жарандын жубайын коркуткан. Шектүү ага жолдошунун үстүнөн арыз жазарын, анда күйөөсүнүн иши огобетер оорлошорун айтып шантаж кылган. Ал бул аракетин жасабоо үчүн жабырлануучудан 50 миң доллар талап кылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, шектүү жабырлануучудан 30 миң доллар алып жатканда колго түшкөн.
Учурда тергөө иштери уланууда.