Бишкекте 19 жаштагы жигит зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга жүк ташуучу унаанын айдоочусу 19 жаштагы кызды зордуктаган деген маалымат түшкөн. Шектүү кызды шаар сыртындагы айланма жолго таштап кеткен.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган учурда айдоочу качууга аракет кылган. Ал бир нече жолу жол чырактын кызылынан өтүп, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган.
Жыйынтыгында унаа Муса Жалил жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен токтотулуп, айдоочу колго түшкөн. Ал мас абалында болгон. Учурда тергөө иштери уланууда. Ал эми FAW үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа айып короосуна киргизилген.