Иранга каршы операциянын биринчи жумасында АКШ 11,3 миллиард доллардан ашык чыгымга учурады. Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинин жетекчилери конгресс мүчөлөрүнүн жабык жыйынында билдиришкенин New York Times гезити жазган.
Андагы маалыматтар боюнча, бул суммага согуш башталганга чейин аскер күчтөрүн жана техниканы топтоо сыяктуу көптөгөн чыгымдар кирген эмес. Мындан улам жалпы чыгым көрсөтүлгөндөн кыйла жогору болушу мүмкүн.
Операциянын чыгымы кыска убакыт ичинде эле миллиарддаган долларга жетип, бул АКШнын ички саясатында чоң талкуу жараткан.