Биз социалдык тармакта

Иран футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышуудан баш тартты

Ирандын спорт министри Ахмад Донуамали өлкөнүн футбол боюнча улуттук курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Дүйнө чемпиондугу 11-июндан 19-июлга чейин АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.

Буга чейин Израил менен АКШнын аскердик операциясынан улам Иран курама командасынын Дүйнө чемпиондугуна катышуусу күмөн болуп турган. Эми бул чечим расмий түрдө жарыяланды.

"Коррупциялашкан өкмөт биздин лидерди өлтүргөндөн кийин футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышууга шарт жок",- деди министр.

Бир нече күн мурда ФИФАнын президенти Жанни Инфантино АКШнын президенти Дональд Трамп Иран командасынын катышуусуна каршы эмес экенин айткан.

Иран курама командасы тайпалык баскычта Жаңы Зелендия, Бельгия жана Египет менен ойномок. Бул оюндардын баары АКШда өтмөк. Ирандын ордуна Ирак же БАЭ өлкөлөрүнүн футбол курамасы барышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан