Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарын жасоочу цех курулат. Бул тууралуу 12-мартта Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасы өздүк каражатынын эсебинен аталган облустарда темир-бетон буюмдарын жасоочу цехти ишке киргизүүнү пландаштырууда.
Бул цехтин ишке берилиши менен Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары темир-бетон электр мамылары жана башка темир-бетон буюмдары менен толук камсыз болот. Муну менен катар кошумча жумушчу орундар түзүлүп, өндүрүлгөн буюмдар облустун энергетика тармагын жаңылоо үчүн колдонулат.
Учурда долбоору чийилип, тендер аркылуу куруучу фирма аныкталып, тиешелүү документтер даярдалып бүттү. Күндүн жылышы менен курулуш иштери башталат. Мындай темир-бетон буюмдарын жасоочу цехтер Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарында бар. Бир жылдык өндүрүү - 12 миң даана.
Белгилей кетсек, темир-бетон буюмдарын жасоочу цехтин курулуш иштерин ушул жылдын август-сентябрь айларында аяктап, ишке берүү пландаштырылууда.