Сүлүктүдө виза боюнча алдамчылыкка шектүү аял кармалды
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында виза боюнча алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу 12-мартта облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Т.З. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылды. Ал 5-февралда белгисиз жаран Германияга виза жасатып берүү шылтоосу менен интернет аркылуу паспорттук маалыматтарын алганын, кийинчерээк арыз ээсинин атына мобилдик банкинг кызматын колдонуп, жалпы 100 миң сом өлчөмүндө онлайн кредит алынганын билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө акчамЖалал-Абад облусундагы Ноокен районунун К.Х. аттуу тургунунун банктык эсебине которулгандыгы аныкталып, ал кармалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.