Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча өзүнүн Фейсбук баракчасында билдирүү жасады. Ал аймактагы чыңалуунун күчөшү Кыргызстанды тынчсыздандырып жатканын белгиледи.
Президенттин айтымында, жаңжалдын ыйык Орозо айы маалында болуп жатканы өзгөчө өкүнүчтүү. Бул мезгил руханий тазалануунун, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана өз ара урматтоонун убактысы экенин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы жаңжалдын кесепетинен тынч жашаган карапайым жарандар курман болуп жатканын айтып, алардын жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле мындай апаатка алып келген аракеттерди айыптай турганын билдирди.
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун уставына жана эл аралык укуктун принциптерине ылайык, кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин бириктирүүнү колдой турганын белгиледи.
Мындан тышкары тараптарды сабырдуулукка чакырып, согуш аракеттерин токтотуп, конструктивдүү диалог аркылуу маселени тынчтык жолу менен чечүүгө үндөдү.