Биз социалдык тармакта

Телеграм тиркемесинде глобалдык мүчүлүштүктөр катталды

Бүгүн, 12-мартта дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Телеграм мессенжеринин ишинде үзгүлтүктөр байкалды. Бул тууралуу колдонуучулардын даттанууларына таянып Downdetector кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мессенжердеги көйгөйлөр тууралуу АКШ, Улуу Британия, Германия, Франция, Испания, Түркия, Беларусь, Украина жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн колдонуучулары кабарлашкан. Айрымдар билдирүүлөр жөнөтүлбөй жатканын, же тиркеме жай иштеп жатканын айтышкан.

Азырынча мессенжердин ишинде эмне себептен мүчүлүштүк болгону тууралуу расмий маалымат берилген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан