Ирандын Fars News Agency агенттиги мурдагы жогорку лидер Али Хаменеинин жубайы Мансуре Ходжасте тирүү экенин билдирди. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 12-мартта жарыяланды.
Агенттиктин билдирүүсүндө, анын каза болгону тууралуу алгачкы маалыматтар жаңылыш болгондугу айтылат.
Буга чейин, 2-мартта Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Мансуре Ходжасте 28-февралда Али Хаменеинин резиденциясына жасалган соккудан каза болгонун кабарлашкан. Ал сокку АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунун башталышында болгон деп маалымдалган.
Ал учурдагы маалыматтарга ылайык, соккунун натыйжасында Али Хаменеи, анын кызы, күйөө баласы жана небереси каза болгону айтылган.